Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Акрам Мадумаров окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.
«Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт»,-деп айтылат маалыматта.