• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Ала-Бел ашуусундагы үрөй учурган кырсык. 2 киши жаракат алды 

30 Бугу 20200:21 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунун аймагында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа белден кулап, 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 29-май күнү, саат 16:30дар чамасында катталган. Анда унаа белден 15-20 метр аралыкка кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү жаракат алып, Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

«Ооруканага түшкөн эки жаран учурда дарыланып жатат. Абалы орто оор»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган кырсыктын видеосу социалдык түйүндөргө тараган.

https://t.me/koroche_kg/2906

Количество просмотров: 806