Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.
Германиянын Канцлери Ангела Меркель элдин алдына 23 жыл мурда кийген көйнөгүн кайрадан кийип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ал эми 24news.com.ua сайты Ангела Меркелдин аталган көйнөктү буга чейин кийип чыккан жылдардагы сүрөтүн жарыялаган.
Кошумчалай кетсек, Германиянын Канцлери бул көйнөгүн биринчи болуп, 2002-жылы Байройт шаарындагы Вагнердин музыкалык фестивалынын ачылышында кийип чыккан.