• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Апта жыйынтыгы: Көпчүлүктү толкуткан футбол… Катасын сезген бийлик…

25 Үчтүн айы 201918:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV.

Көпчүлүктү толкуткан футбол

Бул аптада коомдо футбол темасы катуу талкуу жаратты. 1\8 финалдык оюндарынын алкагында БАЭ курамасына 3:2 эсебинде утулуп берген Кыргыз курамасы Азия чемпионатын жыйынтыктап мекенине кайтып келди.

Футболчулар таң эрте саат 5ке жакын учуп келишкенине карабай  “Манас” аэропортуна чогулгандардын саны бир топ болду. Ал эми бийлик тараптан да көп көңүл буруулар болуп, башкы машыктыруучу Александр Крестинин “Данакер” ордени менен сыйланды, ал эми кураманын башка оюнчулары да сыйлыктан кур калышкан жок.

Футболго көңүл бурулуп жатканы албетте жакшы, президент убада кылган стадион салынса мындан дагы арбын ийгиликтер жаралат деген ишеничтебиз.

Цирк кызматкерлеринин митинги

Бул жума коомчулукту өзгөчө митинг менен да таң калтырды.  Тактап айтканда, цирк кызматкерлери аларга директор дайындоодо жакшы көңүл бурулбай жатканын айтышып Ак Үйдүн алдына шоу программасы менен митингге чыгышты.

Цирк жамааты башка талапкерди колдогону менен директорлук орунду Фархад Бекмамбетов ээледи.

Жаңы  кодекстерде кемчиликтер жоюулат

Коомчулукту дүрбөтүп катуу талкуу жараткан түкүрүк маселеси жаңы жылдан тарта ишке кирген жаңы кодекстерди бийлик өкүлдөрүнүн кайрадан карап чыгуусуна түрткү болду.

Жогорку Кеңеш 23-январда ушуга байланыштуу токтом кабыл алып,  жаңы  кодекстерде жана мыйзамдарда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар сунуштар киргизилген. Мунун алдында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев кодекстеги мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча төрт жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.


Төрөбаев : Премьер-министрликке чакыруу болсо кызматка барууга даярмын

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде премьер-министрликке чакыруу болсо кызматка барууга даяр экенин билдиргени коомдо катуу талкууга түштү.

Айрым социалдык тармактын колдонуучулары депутат болуп туруп деле татыктуу иштеп берсин дешсе, айрымдары Атамбаевге сиз бизди бышырдыңыз дегенин эстеп өтүштү.

Теги:
Количество просмотров: 26