• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аравандагы жаңжал: 5 жарандын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камалды

24 Аяк оона 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштеринде чыккан мушташ боюнча алты жаран кармалып, бешөөнүн баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар 2 айга камакка алынган.

«Дагы бир жарандын айыбы угузулган. Бирок ал ооруканада. Ошондуктан камакка алына элек. Учурда териштирүү жана күбөлөрдү суракка алуу иштери жүрүүдө», — деди Каниметов.

Эске салсак, 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 137