• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип ажырашабы?

23 Жалган куран 2021 10:03 Бишкек Govori.TV

Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын эки ажырым жолго түшкөнү социалдык тармактарга желдей тарады. Буга Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун «ажырашып кеттиңиздерби?» деген суроосуна жазылган жообу себеп болду.

Интернет колдонуучу «Силерди ажырашты деген чынбы?» деген суроосун калтырган. Ал эми ырчы Кадырбекованын аккаунтунан төмөндөгүдөй жооп жазылган.

«Чын. Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө келип, көзүмдүн көрүүсү жакшыргандан кийин расмий ажырашам»-деп жазылат билдирүүдө.

Деген менен ырчы Нурлан Насип 20-мартта жубайы Кадырбекованы туулган күнү менен куттуктаган.

Түгөйлөр маалыматты тастыктай элек.

Количество просмотров: 7273