• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан чыкты

4 Баш оона 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
 
Маалыматка ылайык, ырчынын абалы канаттандырарлык, бирок толук калыбына келе элек. Азыр ага жолдошу, ата-энеси, жакындары кам көрүп жаткандыгы айтылды.
 
Эске салсак, 26-июнда Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы О.М. башкарган «Хонда Одиссей» унаасы ырчы Асел Кадырбекованын «Тойота Камри» унаасы менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Кадырбекова жана «Хонданын» айдоочусу жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Ырчы Асел Кадырбекованын акырегине операция жасалган.

Количество просмотров: 1041