• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ырчы Кадырбекова: Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет

10 Бугу 2021 18:08 Бишкек Govori.TV

Ырчы Асел Кадырбекованы кимдир-бирөө коркутуп жатканын Инстаграм баракчасына жазды.

Ырчы коркутуулар ким тараптан болуп жатканын ачык айткан эмес.

«Эгер апам экөөбүзгө бир нерсе болсо менин жакындарым кимди күнөөлөштү билет. Мага коркутуулар болуп жатат. Бирок бул адамдан мындайды күтүүгө да болот болчу. Менде аудио жазуулар, телефон чалуулар диктофонго сакталган. Эгер дагы да коркутуу болсо, анда аларды ачыкка чыгарам. Эгер бул жакка чыгарганга мүмкүн болбой калса, журналисттерге берем. Мен азыр дагы калыбыма келүү абалындамын, бирок ал мени ачуулантып жатат. Дарыгерлер мага ден соолугуң тезирээк калыбына келиш үчүн эч качан кабатыр болбош керектигин айтышкан. Бирок ал адам ушуну каалап жатат», — деп жазган ырчы.

Количество просмотров: 26701