• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ашказанына кокаин жашырып алып келе жаткан жаран кармалды

17 Бирдин айы 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Германиядан Кыргыз Республикасына Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 2023-жылдын 10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен жаран 1986-жылы туулган Т.В. кармалган. Кармалган жаран Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына баңгизатты аткезчилик алып келген. Жогорудагы факты боюнча буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы баңгизаттарды аткезчилик жолдор менен ташуу тууралуу маалыматка ээ болгон.

Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталган.
Жаран Т.В. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга аракет кылган.

Баңгизаттын бул түрү Кыргыз Республикасында биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

Количество просмотров: 535