• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Аскар Акаев «Алтын балалык» борборуна миллиондон ашык каражатты качан которо турганы айтылды

15 Тогуздун айы 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна 1 миллион сомдон ашык каражат которот. Бул тууралуу Govori.TVга журналист Айжигит Матраимов билдирди.

«Аскар Акаевич Илимий уюмдардын федералдык фондунан өзүнө бөлүнгөн 1 миллиондон ашык каражатты 18-октябрда алып, аталган борборго которот»,-деди Матраимов.

Эске салсак, “Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. Бийлик алмашкандан кийин аталган борбор Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүн, 15-октябрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өтүп, өлкө башчы Садыр Жапаров «Алтын балалык» борборуна президенттин фондунан 3 миллион сом бөлүп берген болчу.

Количество просмотров: 2167