• Дүйшөмбү 21 Аяк оона 2020

Асрандиев: Эл аралык донорлордон 338 млн. доллар алынды

9 сентября 2020 в 16:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталгандан бери эл аралык донорлордон 338 млн. АКШ долларын алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталды. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат.

“207 млн доллар мурда айтылгандай эле пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды”, – деп билдирди Асрандиев.

Количество просмотров: 35