Бишкек. 21.03.2019. Govori.TV
Астана шаарынын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандарды полиция кызматкерлери кармап кеткендигин жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок, чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти.
Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген.
Астананы Нурсултан деп өзгөртүүнү 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.