• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атайын репортаж: ЖМКларга эмне үчүн басым жасалат?

25 Тогуздун айы 2021 19:02 Бишкек Govori.TV

Төртүнчү бийлик катары сыппатталган  журналистика ар бир бийликтин тушунда эле ар кандай кысым-басымдарга кабылып келгени маалым. Мисал катары айтсак, акыркы эки жыл аралыгында эле бир катар Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кол салууга, а тугул кеңсеси талкаланууга, маалымат сайттары хаккердик чабуулга дуушар болгон фактылар катталган.

Журналист маалымат алып, топтоп, иликтеп жана аны кайра коомчулукка жайылтууга, таратууга акысы бар. Жана бул ишмердүүлугу мыйзам тарабынан корголуусу абзел.

Бирок, ошол эле учурда жалган маалымат таратканы үчун жоопко да тартылуусу мүмкүн. Жалган же анык эмес маалыматтан коргонуу ирээтинде жакында эле кыргыз бийлиги фейктер тууралуу маалыматты бир катар сын-кептердин айтылуусуна карабай акыры колдоп, президенттин кароосунан өткөрдү. Эксперттердин айтымында бул мыйзам  сөз эркиндигине карата басым.

Буга утурлай эле Маданият министрлиги менен Юстиция министрлиги биргеликте «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүнү көздөп жатышканы тууралуу маалыматтар медиа коомчулуктун сынына кабылды. Алардын айтымында, ЖМК мыйзамдарын инвентаризация аракети медиа өкүлчүлүктүн катышуусусуз өтүп жатканы туура эмес.

Журналисттер жана медиа эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдардын шашылыш өзгөртүлүшүнө каршы өлкө президенти Садыр Жапаров баш болгон бийлик органдарына өз кайрылууларын жолдошту. Алар ушу кезге чейин иштеп келген мыйзамдарды олуттуу өзгөртүү ачык жүрбөй, шашылыш аракеттер болгонунан кооптонуп жатат. Бийлик өкүлдөрү болсо, баары мыйзам чегинде экенин жана кооптонууга негиз жоктугун айтууда.

Эркин маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөө аракети  журналисттерге кол салуудан тартып, камакка алуу сыңары да көрүнүштөр тажырыйбада жок эмес. Ал эми эркин журналист Аскер Сакыбаева маалымат каражаттарына болгон нааразы кептер шайлоо убагында көп болоорун белгилейт. Себеби, бул  учурда салттуу маалымат каражаттары менен кошо  блогерлер, соцтармактагы активдүү катышуучулардан тартып маалымат таратуу менен алек болот.

2020-жылдагы шайлоодон кийинки башаламандыктан соң биликке келген президент Садыр Жапаров бийликти сындап жазган маалымат каражаттарына болгон сын пикирин айтып келет. Президенттин айтымында аны бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары каралап келе жатат. Ал эми 23-октябрда өткөн маалымат жыйында өлкө башчы эч бир маалымат каражатына карата басым болбоорун айтты.

Жалпыга маалымдоо каражатттарынын коомчулукта өзгөчө эле олуттуу орду бар экени талашсыз. Эксперттердин айтымында эркин маалымат каражаттарына болгон басым дайым эле болуп келген жана бул жөрөлгө улана берет. Айырмасы бийлик тарабынан кабыл алынган айрым мыйзамдар буга чейин көмүскө жүргөн кысымдарга мыйзам тарабынан жол ачкандай өңүт жаратат.

Количество просмотров: 263