• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атайын репортаж: Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик теңчилик сакталдыбы?

4 Тогуздун айы 2021 18:51 Бишкек Govori.TV

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже 2021-жылдагы жергиликтүү шайлоолордо биринчи жолу колдонулду. «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого аялдардын талапкер катары катышуусу боюнча мониторинг жүргүзгөн. Зулфия Көчөрбаеванын айтымында, жергиликтүү кеңештерде мыйзам кабыл алынгандан бери алгачкы ирет гендердик теңдик сакталды.

Деген менен жергиликтүү кеңештердеги абал бүгүнкү күндө деле көңүл жылытаарлык эмес. Алсак, Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жаткан окуя катталды. Боршайкомдун маалыматына караганда, «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин чыгарды, алардын 31 аял. Мындан тышкары аталган эки партиядан депутат болуп шайланган алты адам ыйгарым укуктарынан баш тартты, алардын бешөө аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин билдиришкен. Бул көрүнүш учурда териштирилип жаткан кези.

Саясий серепчи Эмил Жураевдин пикиринде, 2 жыл мурун кабыл алынган мыйзам саясатка аралашкысы келген аялдарга мүмкүнчүлүк берди. Саясатта гендердик квота эмне үчүн зарыл? деген сурообузга төмөндөгүдөй мисал келтирди.

Мындан 5 жыл мурда аялдар жергиликтүү кеңештердеги орундардын 10%ын гана ээлешчү. 2019-жылы кабыл алынган 30%дык гендердик квота аларга ишенимдүү болуп, маанилүү маселелерди айтып турууга жол ачты. Бирок алдыдагы парламенттик шайлоодо аял депутаттар аз келип калышы мүмкүн. Серепчилер 28-июлда парламент кабыл алган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, аялдардын 30% квотасы сакталганы менен бир мандаттуу округдагы шайлоодо аялдар жеңип келери кыйынга турарын айтышууда.

Количество просмотров: 206