• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атайын репортаж: Улам келген бийликтин тилин алган парламенттин ыйгарым укуктары чектелди

28 Теке 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

5-майда күчүнө кирген жаңы Баш мыйзам боюнча бийлик бутактарынын ыйгарымдары менен милдеттери өзгөрдү. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анда парламенттин ыйгарым укуктары мурункудан кыйла эле чектелет. Азыркы укуктарынын көбү президентке өтөт. Биз айрым гана укуктарына токтолобуз.

Депутат Дастан Бекешев Конституциянын жаңы редакциясына боюнча депутаттар өкмөткө ишенбөө вотумун жарыялай албай турганына токтолду.

Эл өкүлү Улукбек Ормонов жаңы Баш мыйзамда Жогорку кеңештин ыйгарым укуктары бир топ кыскарганын моюндап, парламент өкмөттү гана түзө албаганы болбосо башка катуу кыскаруулар болгон жок деген ойдо. Ал эми парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев төмөндөгүлөргө токтолду.

Юрист Атыр Абдрахматова Баш мыйзамдагы башкы кемчилик катары бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылган беренелердин жоктугун атады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш президенттин айрым чечимдерин жокко чыгарып же токтотуп койгонго укуктуу болуш керек болчу.

А бирок депутаттар мыйзам тарабынан мурдагыдан дагы жакшы корголот. Алар мурдагыдай «депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынбайт». Бирок жаңы версияга ылайык депутатты «жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет». Депутатты кылмыш үстүндө кармалган учурда гана жазага тартууга мүмкүн. 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин кайрадан президенттик башкарууга кайткан өлкөдө парламент алек болуучу иштер дагы жогорудагыдай өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Количество просмотров: 684