Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, октябрь окуясынан кийин «элдин үмүтү акталды» деп айтуу али эрте.
«Мамлекет башчы тажрыйбасынын жетишинче колунан келген аракетин жасап жатат. Бирок ошол эле учурда премьер-министр башында турган министрлердин бардыгы шалаакылыгын көрсөтүүдө. Саламаттык сактоо, Билим берүү, Ички иштер министрлигинде реформаларды көргөн жокпуз. “Вазир жакшы – хан жакшы» деген сөз бар. Кошоматчылардан арылганда гана алдыга жылабыз деп эсептейм. Бүгүнкү күндө президент мойнуна жүк арткан күлүк ат сыңары алдыга жүгүргөнү менен тегерегиндеги министрлердин күйүп-бышып иштегенин көргөн жокмун»,-деди Атазов.