Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.
Германияда окуучуларды ташыган автобус менен жеңил унаа кагышып, 23 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, Баден-Вюртембергден Тюрингияга бараткан автобустун ичинде 16 жаштан 18 жашка чейинки 49 өспүрүм болгон. 75 жаштагы айдоочу жолдон өтүп баратып автобусту көрбөй калгандыктан, кырсык катталган.
Ал эми мектеп окуучуларынан сырткары улгайган айдоочу менен анын жүргүнчүсү да жаракат алганы айтылган.