• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аялдар 6% менен жеңилдетилген насыя ала алышат

21 Жетинин айы 2022 13:54 Бишкек Govori.TV

Экономика жана каржы министрлигинин Ишкердик чөйрө саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан программанын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, программа министрлер кабинети тарабынан 2021-жылы кабыл алынган. Ошентип, 2022-жылга карата программа боюнча тиешелүү министрлик жана ведомстволор тарабынан ишке ашырла турган бир катар иш-чаралар пландалган.

Ошентип, Экономика жана коммерция министрлиги донорлор жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте төмөндөгудөй иш-чараларды өткөрдү:

  • ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, анда аялдардын ишкердиги концепциясы жана аны колдоо чаралары камтылган;
  • Ишкер аялдарды жеңилдетилген каржылоо программасынын экинчи айлампасы башталды, ага ылайык аялдарга 6% үстөк менен 300 миң сомго чейин кредит берүү пландаштырылууда (мурда каржы ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү долбоорунун алкагында) , чет элдик донорлор тарабынан 500 миң доллар).
  • өлкөнүн аймактарында, атап айтканда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишкер аялдар үчүн финансылык жана укуктук сабаттуулук боюнча окуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлдү.

Эске салсак, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнүн белгилөөгө карата КРда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясы тарабынан Аялдардын ишкердигинин декадасы өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 24902