• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бүгүн Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

15 Бештин айы 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи болот. Андыктан саат 18:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектисинин бир бөлүгү тосулуп турат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 159