Бүгүн, 19-июнь күнү Бишкекке Египеттен 47 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26 студент жана 21 жаран «Air Cairo” авиакомпаниясынын учагы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы аэропортко учуп келип, андан кийин ал жактан Бишкекке атайын унаа менен алынып келинген.
Кыргызстандык жарандарды мекенге кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн.
Кайтып келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынат.