25-майда «Манас» эл аралык аэропортунда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек жана Москва-Бишкек чартердик каттамдарын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мекенине Екатеринбургдан 117, ал эми Москвадан 69 кыргызстандык учуп келди.
Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.
⠀
COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленди, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлдү.