• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бүгүн Индиядан 15 кыргызстандык алынып келинип, обсервацияга жаткырылды

4 Чын куран 2020 17:11 Бишкек Govori.TV

15 кыргызстандык Индиядан чыгарылып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайк, аталган жарандардын Гоа жана Делиден (Индия) кайтаруу Казакстандын өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылган. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланган.

«Кыргызстандыктарды Тараз шаарынын (Казакстан) эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда 2020-жылдын 4-апрелинде Кыргызстанга алып келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат», — деп билдиришти штабдан.

Республикалык штабдан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде калган Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун издөө боюнча иш уланып жатат, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөр менен биргеликте жана колдоосунда аракеттерди уюштуруу көрүлүүдө.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган 14 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооругандардын саны 144 кишиге жетти. Маалым болгондой, илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 9 медкызматкер бар. 2-апрелде коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду. Ал эми 9 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Количество просмотров: 527