• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн студенттердин Эл аралык күнү

17 Жетинин айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн студенттердин Эл аралык күнү. Бул күн 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген.

1939-жылдын 28-октябрында студенттер жана окутуучулар Чехословакиянын түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан.

15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган. Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы 9 күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан. Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган. Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. 

1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган. Бул күнү Кыргызстанда студенттерге арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Количество просмотров: 100