• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бабановдун партиясы лидерин өлкөгө алып келүү үчүн президенттин алдынан өтүүдө

22 Жалган куран 2019 13:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

«Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шартты койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук берүүсүн биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик уруксатын берет деп ойлойм», — деди Бокоев:

«Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканы 21-мартта белгилүү болгон.

Теги:
Количество просмотров: 9