• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БАЭден кыргызстандыктар алынып келинет

17 Чын куран 2020 14:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен биргеликте кыргыз жарандарын мекенине алып келүү үчүн 26-апрелде «Дубай-Бишкек» маршруту менен чартердик каттамды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматында, аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилүүдө.

мЭскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустан улам убактылуу токтотулган. Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3-майда жана 10-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен.

Количество просмотров: 51