Бала сатууга шектелип кармалган үч гинекологдо жасалма мөөр болгон
Бала сатууга шектелип кармалган үч гинекологдо жасалма мөөр болгон
14 Аяк оона 2018 8:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек 15.09.2018. Govori.TV
Бала сатууга шектелип кармалган үч гинеколог учурда тергөө абагында кармалууда. Аларга карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү бала сатууга шектелген эки гинекологду колго түшүргөнү маалымдалган.
Кийинчерээк укук коргоо органдары балдарды сатууга жалпы жолунан сегиз дарыгер шектелип жатканын айткан. Такталбаган маалымат боюнча унаа багажнигинен бойдон алдырган түйүлдүктөр табылган.
ИИМ буга чейин айтылган билдирүүлөрдү тастыктап, кылмыш иштин алкагында кармалгандар бар экенин, ушу тапта тергөө жүрүп жатканын айтып келсе, эми айрым маалыматтарды бере баштады.
«Тергөө учурунда кармалган үч гинеколог балдарды сатууда жасалма мөөр менен бланка колдонушканы аныкталды», — дешти милициядан.
Аталган факты боюнча СИЗОдо жаткан үч гинекологго карата Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди даярдоо, колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.