• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Балбак Түлөбаев эмгек жамаатына тааныштырылды

27 Тогуздун айы 202011:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди эмгек жамаатына өкмөт аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев тааныштырды.

Бул арада Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жасады.

«Ысык Көлдүк туугандарым, боордошторум!
Сиздерге терең таазим. Кыйын-кыйчалышта жанымда болуп, ишендиңер. Адилетүү, чын, таза иштеген ниети түз адамдарды кандай колдош керек экендигин бүтүн элге көргөздүңөр.
Ыраазымын! Силер да мага ыраазы болгула. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчыбыз мага Бишкек шаарыны башчысы Мэрлик жумуш сунуштады. Ушул татаал убакта ага жардам берип, колуман келишинче таза, түз, кынтыксыз иштеп берейин. Бул убактылуу жумуш шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу болгондон кийин жаңы мэр шайланат. Мен өлкөнүн, мамлекеттин кызматындамын. Качпайм. Ар дайым абийрим, ички сезим, эс тутумум менен элдин пикирин эске алып иштеп келдим. Эч качан макамга, даражага умтулуп чуркаган эмесмин. Берилген кызматты аркалап келдим. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Тагдырыбызга оор жүк, чоң сыноо түшүп турат. Жалгыз тилек, ниет бул эл-журтка кызмат. Көлүбүздөгү жумуштар уланат. Баарын пландап кагазга түшүрүп аны каржы булактары менен бекемдеп, баштап койгонбуз. Бүт берилген убадалар аткарылат деген ойдомун. Алдыдагы 3 жылга чейин аткарыла турган 10 кадам аттуу иш планы даяр. Садыр Нургожоевичке колуман келишинче, билимим жетишинче жардам берем. Элибиз туура түшүнөт деген ойдомун. Ысык Көлдүн элинен билбей калып таарынтсам кечирим сурайм. Жалпы журтубуз, элибиз аман болсун»,-деп жазган ал.

Балбак Тулөбаев 48 жашта. Ал 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеген. 2020-жылдын 27-июлунан бери Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган болчу.

Количество просмотров: 73