Төкмө акын Элмирбек Иманалиев 42 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Социалдык тармактарда акындын чыгармачылыктагы жолдоштору, замандаштары, күйөрмандары жоктоп, билдирүүлөрдү калтырууда.
Алардын арасында Элмирбек Иманалиев менен көптөгөн чоң айтыштарда бет келген казактын талантуу төкмө акыны Балгынбек Имаш Элмирбек Иманалиевди эскерип бүткүл кыргыз журтчулугуна көңүл айтты. Бул тууралуу Би-Би-Си Кыргыз кызматынын ютуб каналына жайгаштырылды. Анда ал Элмирбек Иманалиев артына өлбөй турган өнөр калтырганын айткан.