• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Башкортостандан келген медиктер 31 медициналык мекемелерде иштеген

16 Баш оона 202023:40 Бишкек Govori.TV

Башкортостандан келген медиктер 31 медициналык мекемелерде иштеген. Бул тууралуу Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов билдирди.

«23-июлдан баштап биз республика боюнча 31 медициналык мекемеде иш алып бардык. Биз эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну жана жакшыртууну жүргүздүк. Дарыгерлер биргелешип кызыл зоналарда бейтаптарды дарылап жатышты. Андан сырткары, тажрыйба алмашуу боюнча иштер жүргүзүлдү»,- деп билдирди Евгений Кустов.

Анын айтымында, медкызматкерлер бул арада 4 миңден ашуун адам менен иш алып барып, 564 бейтап оорукадан айыгып чыгарылган. Инвазивдик аппаратка 20 адам которулса, 17 адам бул аппараттан чыгарылган. Ал эми, ИВЛ аппаратынан 5 адам чыгарылган.

Количество просмотров: 82