Бишкектин А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейнге бир бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Октябрь РИИБнен билдирди.
Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине чакыруу 22-октябрда саат 19:40да түшкөн.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бала бассейнге түшүп каза болгон. Ал борбор калаанын 20 жаштагы тургуну болгон.
Маркумдун апасы арыз жазуудан баш тартты. Басма сөз кызматы белгилегендей, апасынын эч кимге доосу жок экенин билдирген.