• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде айрым жер тилкелери трансформацияланды

17 Жетинин айы 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Белгилей кетүүчү жагдай, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жаткан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр кол койгон токтомго ылайык, Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагындагы 151,1 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.  

«Өкмөт башчынын башка чечими менен Баткен районундагы Дара айыл аймагындагы 148,6 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду. Ошондой эле премьер-министр Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерди трансформациялоо боюнча токтомго кол койду.   Бул чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-ноябрында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары учурунда жергиликтүү эл тарабынан калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча суроолорду беришкен эле.

Количество просмотров: 70