• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Баткенде мектеп директору бычакталып каза болду

29 Бештин айы 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда мектеп директору бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-декабрь күнү саат 22.45тер чамасында Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын 43жаштагы Т.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып, Кадамжай районунун Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 43 жаштагы Т.К.аттуу тургун курч заттан ичинен жана жонунан жараат алганын аныкташкан. Маркум Баткен районунун Бөжөй айылындагы мектептин директору болгон. Ал алган жаракатынан улам Айдаркен аймактык ооруканасынан каза болгон.

Бул маалымат Жазык кодексинин 130-беренеси (денеге атайын оор залал келтирүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б.аттуу тургуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1430