• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Баткенде жол кырсыгынан 5 киши жаракат алды

13 Бугу 202010:24 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында эки портер жеңил унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен 5 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-майга караган түнү саат 00:55 чамасында Садыков көчөсүндө орун алган. Анын кесепетинен «Хундай Портер» жана «Ниссан» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 5 эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

«ӨКМдин №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 189