• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткендеги Чечме айылынын тургуну инсульттан каза болгон

10 Кулжа 2020 16:22 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургуну инсульттан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтен билдиришкендей, чек ара чырында жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 4 киши жалпы палатага которулду, абалы туруктуу.

«Жогоруда аты аталган жаран9-июнда түндө инсульттан көз жумган. Маркум 31-майда Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыккан чырда ошол жерде болгон. Ошол күнү экинчи жолу инсульт болуп ооруканага түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүндө 10 күн жаткан. Ал 2014-жылы да инсульт алган»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары чек арадагы чырда жаракат алган тургун каза болгонун жазып чыгышкан.

Эске салсак, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыккан чырда 20дан ашык адам жаракат алган. Бул жолу чыр суу талаштан улам чыккан.

Количество просмотров: 201