• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Батыш автобекетинде ири өрт чыкты (видео)

19 Үчтүн айы 20239:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан Батыш автобекетинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылган.

«Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрулдү»,-деп айтылат маалыматта.

Бактыга жараша жабырланган бар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.

Количество просмотров: 148