• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бекешев: Бүгүнкү күндө эптеп эле күнөлүүнү табыш керек болуп калды

16 Бирдин айы 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө эптеп эле күнөлүүнү табыш керек болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзү башка бирөдөн грант албай коюп анан бейөкмөттөрдөн да албагыла деп талап кылса, колдоого татымак.

«Мен колу-бутум менен колдойт элем… эгер биздин мамлекет өзү грант албаса, алардан толук баш тартса анда 100 пайыз колдомокмун. Бирок тилекке каршы мамлекет өзү алып жатканда, бейөкмөттөрдү «силер алып жатасыңар» деген туура эмес. Анда келгиле, баарыбыз албайлы. Мына биз, билим берүүгө, автобустарга, сууга, жолго гранттарды алып жатабыз, иши кылып ар бир тармакта гранттар бар. Мамлекет өзү сурайт жардамдарды, мисалы Кытай, Россия берип жатат. Чынын айтканда мамлекет башчысы менен өкмөт башчысына эч ким тоскоолдук кылган жок, жөн гана күнөөлү бирөөнү табуу болуп жатат», — деди Бекешев.

Количество просмотров: 265