• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бир күндө коронавирус менен пневмониядан 9 киши каза болду

6 Баш оона 202011:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан 9 адам (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Аймактар боюнча алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ош облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 2.

Өлкөдө жалпы каза болгондордун саны — 1447ге жетти.

Количество просмотров: 126