• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир нече күндөн бери изделип жаткан окуучунун сөөгү көлдөн табылды

6 Чын куран 2020 9:19 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 16 жаштагы окуучу 27-мартта айылдаштары менен көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайлардын бирине барышкан. Ал өзүнчө кетип ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Куткаруучулар 10 күндөн бери издеп жүрүп, «Марко Поло» пансионатына жакын жердеги суудан табышкан. Баланын сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 1869