• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бир сутканын ичинде медиктер эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти

29 Жалган куран 202018:52 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.


Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын маалыматы боюнча 2020-жылдын 29-мартына карата республикада бардыгы 272 мобилдик бригада иштеп жатат. Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 10;
Ош шаары – 12;
Жалал-Абад облусу — 68;
Нарын облусу – 47;
Баткен облусу – 39;
Чүй облусу – 30;
Ысык-Көл жана Талас облустары – 23;
Ош облусу — 20.

Бригаданын курамына жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер — 41, лаборант-дарыгерлер — 33, лаборанттар – 134.
Өткөн сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келишти. Акыркы 6 күндө — 4 825 жолу барышкан.

Эске салсак, мобилдүү бригадалар үй карантиндеги жарандарга көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Количество просмотров: 938