• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бейшеналиев өзү катышкан. Биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды 

1 Бирдин айы 2024 14:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

«Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Операция саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өттү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Количество просмотров: 586