Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү канаттандырылган жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. .
Маалыматка ылайык, Айыпталуучу Атамбаев жана Абдухалим Раимжановдун келбегендигине байланыштуу сот отуруму 3-февраль саат 13:30га жылдырылды.
«Бүгүн Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону уланды. Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылган жок»,-деп билдиришти мекемеден.
Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар — Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.