• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкек — Кара-Балта жолундагы үрөй учурган кырсык. 4 адам жабыркады 

4 Бугу 202015:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Кара-Балта жолунун Александровка айылында жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-майда, катталган. Анда Газ-53 унаасын 24 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, Дэу Нубира унаасы менен сүзүшкөн.

«Кырсыктан улам жеңил унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу жана унаадагы үч жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Чогултулган бардык материалдар Москва РИИБине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2388