Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 8-11-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 140-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кыймылы маал-маалы менен жабылып турат.
«Айдоочуларды Боом капчыгайынан жол эрежесин сактоого чакырабыз. Таш кулатуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда», — деп айтылат маалыматта.