Кочкор районунда 30-сентябрь күнү саат 16:00до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен “Мерседес” унаасынын ичинде (1 эркек 1960-жылы туулган жана 1 аял 1964-жылы туулган) кыпчылып калган.
Куткаруучулар КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары аталган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.