Бишкек шаарында түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, борбордогу 7-кичи районундагы спорт комплексинде 97 орундуу стационар ачылат. Ошондой эле “Консул” ресторанынын кожоюну имаратты акысыз пайдаланууга берип, орундуктар даярдалган.
«Штативдер дагы уюштурулуп жатат. Медициналык кызматкерлердин коопсуз иш алып баруусу үчүн шарттар түзүлүп, аларды ишке тартуу аракеттери жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Мэрия медициналык кызматкерлерди стационарларда иштеп берүүгө чакырууда.