• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкек-Ташкент багыты боюнча автобус каттамы жанданды

2 Бирдин айы 20199:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2019. Govori.TV

Бишкек-Ташкент каттамындагы автобустар мурдагы график боюнча убактылуу каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик Казакстандын Инфраструктура жана өнүктүрүү министрлиги менен анын аймагы аркылуу өткөн Бишкек-Ташкент каттамы маселенин талкуулап, бул каттамдын жаңы графиги боюнча макулдашууга келишкен.

Каттамдын жаңы графиги макулдашылып, бекитилгенге чейин Бишкек-Ташкент каттамы мурдагыдай тартипте иштей берет, деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, автобустар 1-февралдан тарта каттамын жандандырды.

Эске салсак, мындан мурдараак Транспорт министрлиги Казакстан Бишкек-Ташкент транзиттик автобустук каттамынын жабылышын талап кылып, макулдашылган келишимди бузду деп билдирген.

24-январда Казакстан Кыргызстандын жана Өзбекстандын тийиштүү органдарына кабарлабай туруп, эл аралык нормаларды бузуп, Бишкек-Ташкент каттамын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган.

Бишкек–Ташкент камтамы боюнча автобустар 2018-жылдын май айында каттай баштаган.

Количество просмотров: 53