«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштөө шарттарына нааразы болушту.
Алардын айтымында, акыркы 1 жылдан бери ишкана кызматкерлерди сезондук кийим-кече менен камсыздабай калган.
«Ушул жерде 5 жылдан бери трактор айдап иштейм. Бизде эч кандай шарт жок. Жумушчулардын көйгөйүн угуп, туура чагылдырып бериңиздер! Бизге дээрлик бир жылдан бери атайы форма бериле элек. Буга чейин жумасына 2 жолу айран, сүт берилип турчу, акыркы 3 айдан бери андан дагы кол жуудук. Жүздөгөн тонна таштандыны түздөп, сүрүп турган техникаларыбыз эскилиги жеткендиктен жана тетиктердин жоктугунан жараксыз абалда турганына көп болду»,-деди таштанды таалсында иштеген кызматкер.