• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекке дагы 78 кычкылтек кислороду алынып келинди

3 Баш оона 2020 13:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалым болгондой, жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. 

«Буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500  кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппараттын келиши күтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан Кыргызстан Кытай Эл Республикасынан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Количество просмотров: 57