• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат

30 Тогуздун айы 202311:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2024-жылга өндүрүштүк программаны пландаштыруунун алкагында 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы чырактарды алмаштыруу менен бирге 120 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын (электр линияларын) СИП зымдарына (өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым) алмаштыруу иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Мынан тышкары, аянттарда жана сейил бактарда жаңы тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жарыктандыруу пландаштырылууда.

Количество просмотров: 75