• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкекте 7 стационардын иши токтоду

5 Баш оона 202013:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бейтаптардын саны азайганына байланыштуу жети стационар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ күндүзгү стационарларга 964 адам кайрылса, 5-августка караган түнү түнкү стационарларга бардыгы болуп 173 адам кайрылган.

«Бардык медициналык жабдыктар, орундуктар сакталып, дезинфекциядан өткөрүлдү. Азырынча калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Иши токтогон стационарлар:

  • «Сейтек» мектебиндеги стационар;
  • №95 мектептеги стационар;
  • №83 мектептеги стационар;
  • №81 мектептеги стационар;
  • №94 мектептеги стационар;
  • «Арал» кафесиндеги стационар;
  • Кара-Жыгач жаңы конушундагы «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар.
Количество просмотров: 100